Click for latest discussions

үнкабар: Бурана – 1000 жыл мурунку Караханилер шаары.

үнкабар маалыматы
Автор Mirsulzhan | в үнкабар, Үнкабар | May 8th, 2008
метки: кыргызча макала

Кыргыздар көчмөн калк болушкан – аларда шаарлар жок болгон деген туурабы? Дегеле, азыркы Кыргызстандын жергесинде тарыхый шаарлар барбы, же бул жерде илгертеден бери боз үйдөн башка эч нерсе турган эмеспи? Ушул суроолорго биз бүгүн кезектеги үнкабарда (подкастта) жооп беребиз. Жана негизги кейс-стади катары Токмок шаарынан он чакырым алыстыкта жайгашкан Бурана аймагы болмокчу.

Бухара, Самарканддай болгон чоң шаар дал азыркы бурана айылынын аймагында болгон. Бул жерде тургузулган минарет, анын тегерегинен табылган тарыхый экспонанттар буга бирден бир күбө болуп тургандай. Анда эмесе сиздерди көп күттүрбөй, бизге бул имараттын тарыхын таң калтырта айткан, илгерки 10-11 кылымдарда Орто-Азия жана Кавказды жердеген Караханилердин баш ордосу – бурана жөнүндө подкастты угууга чакырам.

 
icon for podpress  үнкабар [9:33m]: Угуу | Жаңы беттен угуу | Жүктөө

Жогорку Кенеш окуучулар жана студенттер арасына «Келечек парламенти» урааны астыда сынак жарыялайт

Автор Гульсали | в Жарыя | May 7th, 2008
метки: кыргызча макала

Кыргызстанда апрелден июнга чейинки мезгил аралыгында өсүп келе жаткан муунду атуулдук духта тарбиялоо, жаштардын жигерин жогорулатуу, лидерлик сапатты өнүктүрүү максатында сынак өткөрүлөт. Сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки 9-11-класстардын окуучулары, 1-2-курстардын студенттери чакырылат.

Сынак эки баскычта өткөрүлөт:

Биринчи баскычта сынактын катышуучулары бул республикалык сынактын комиссиясына «Парламентаризм, мамлекеттик түзүлүш, экономика, социалдык маселелер жана алардын чечилиши жаштардын көзү менен» аттуу темаларда дилбаяндарды, эсселерди, рефераттарды, изилдөө иштерин сунуштоосу зарыл.

Аталган иштер кыргыз жана орус тилдеринде болуп, иштердин тексти А-4 форматындагы үч барактан ашпоосу керек.

Иштерди кабыл алуу 2008-жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.

Жиберилген иштер «Келечек парламенти» сынагына белгиси менен сунушталышы шарт. Жөнөтүү дареги: Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 207, 327-кабинет же mbm50@mail.ru, электрондук почтасы боюнча, факс - (996 312) 66-73-10. (more…)

Сүрөттү басыңыз: Камбарата II, Токтогул

Автор Mirsulzhan | в Сүрөттү басыңыз | May 7th, 2008
метки: кыргызча макала


Камбар-Ата - 2 ГЭСи.


Камбар-Ата - 2 ГЭСи.


Токтогул ГЭСи. Сары чийим, суунун мурдагы денгээли.

Суроттор Жогорку Кенештин басмасоз кызматына таандык.

Бийликке келип, було кургандар

Автор Гульсали | в Бийлик, Фото, Медиа, Саясат | May 7th, 2008
метки: кыргызча макала

Агым гезити 6-майда чыккан чыгарышында бийликке келген сон уйлонгон Кыргызстандагы белгилуу адамдардын суротторун жарыялаган. Чындап эле кызыктуу экен, ошондуктан сиздердин алдыныздарга ошо суротторду чыгарып коюуну чечтим.



Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: Энергетикада укук бузуулар көп

Автор Melisbek | в Энергетика, Укук | May 6th, 2008
метки: кыргызча макала

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, энергетика секторунда абдан көп укук бузуулар бар. Агым гезитине берген маегинде ал жетиштүү маалымат берди десек дагы болот. Менин оюмча, ушундай пикирди төкпөй-чачпай айтып берген эжекени урматтай билүү керек. Анда эмесе кичине цитатасын бул жерге коеюн:

- 2001-жылдын декабрында мурдагы чакырылыштагы депутаттар Токтогул каскады боюнча мыйзам кабыл алышкан. Ал мыйзам боюнча, каскадга кирген ГЭСтер жана Бишкек, Ош ТЭЦтерине өзгөчө статус берилип, алар сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, тышкы карыз эсебине кетпейт деп кепилдик берилип, 93,72% акция мамлекет колунда турган. 2007-жылдын 30-июнунда ЖК депутаттары бул мыйзамды кайра карашып, андан “Түндүкэлектрону” жана Бишкек ТЭЦин чыгарып кетишкен. 93,72% акциянын 10%ын жумушчуларга таратып бердик дешкени менен, жетекчилер эле бөлүп алып, 6%ы Соцфондго берилген. Биз С.Балкыбеков, Д.Ширшов, Ю.Даниловго “мыйзам менен корголуп турган акцияларды эмне себептен тараттыңар?”, “мыйзамды эмне үчүн буздуңар?” деп кайрылып, жооп алалбадык.

Мындан сырткары, 2001-жылдын 16-июнунда өкмөт 2005-жылга чейин улуттук энергетикалык программаны кабыл алган. Анда айтылгандар иш жүзүнө ашканда азыркы энергокризис болмок эмес. Мисалы, мурда иштеп, кийин иштебей калган кичи ГЭСтер Таластан экөө, Нарындан үчөө, Чүйдөн үчөө, Ысыккөлдөн экөө, Ош, Жалалабаттагы тогузун калыбына келтирип, бардыгы он тогуз ГЭСти иштетүү каралган.

Мындан сырткары, ушул эле аймактардын ар бирине үч-төрттөн кем эмес, жалпысынан жыйырма кичи ГЭСтерди куруу, Каракечеден көмүр казууну 700 миң тоннага жеткирүү тапшырмасы коюлган. Ошондо 2005-жылга чейин эле Кыргызстандын бардык аймактарында кырк кичи ГЭС иштеши керек эле. Буларды кайра калыбына келтирүүнүн жана куруунун каражат булактары да даана көрсөтүлгөн. Ушу боюнча “программадагы кырк ГЭСтин канчасы иштеп жатат?” деп Балкыбековдон сурасам, “болгону үчөө иштеп жатат” деди. А сырттан келген 300 млн. доллар кредит так ушу кичи ГЭСтерди курууга жумшалыш керек болчу. 300 млн. доллар кайда? С.Дордоев, А.Сыдыков деген энергочоңдор “ага ТЭЦ үчүн мазут алганбыз, оңдоолорго жумшаганбыз” дешти. Бирок ТЭЦти тиги мыйзамдан чыгарып алышып, азыр ал жеке колдо күрөөдө жатпайбы. ТЭЦ кызматы үчүн канча адам акча төлөп атат, анда алардын эсеби кайда? Демек, булар 300 млн. доллардын чындыгында кайда жумшалганын жашыруу үчүн көрүнгөн шылтоону айтып жатышат.

2001-жылы Бакиев премьер-министр болуп турганда кабыл алган программа иш жүзүнө ашпай, алынган кредиттерди дарексиз жок кылышып, эми энергосектор банкротко учурап отурат. Бул тармакты банкротко алып келген жетекчилер эмне үчүн жооп беришпейт? Каражатты кайда жумшаганы ачык болбосо, бул тармак банкрот болуп жатса, жарандык коом шектенет. Себеби, суроолорго жооп алалбай жатабыз. Тескерисинче, бул тармакты кризиске алып келгендер мэр, министр, депутат болуп отурушат. Демек, бүгүнкү кризис жасалма.

“Түндүкэлектро” 2007-жылдын июнунан бери жеке менчикке өттү эле, жарык эки маалдап өчө баштады. Энергосекторду менчиктештиребиз деген азаматтар эми мыйзамдарды комплекстүү өзгөртө башташты. Эң биринчи, энергетика жөнүндөгү, стратегиялык объекттер жөнүндөгү жана менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Себеби, булар бири-бири менен тыгыз байланышкан.

Жогорку окуу жайларындагы контракта окуунун эн томонку баасы 15 мин сомго чейин которулот.

Автор Гульсали | в Билим | May 4th, 2008
метки: кыргызча макала

Кыргызстанда котнтракт турундо окууга кируунун пороговая томонку баасы 15мин сомго чейин которулот. Сырттан окуу, кечки окуу, дистанттык билим алуу 13 мин сом болот. Бул чечим 2-майда вице-премьер-министрдин жана ЖОЖ дун ректорлору менен болгон жыйында кабыл алынды. Жыйында томнкулор каралды:

- 2008-2009-жылдага абитуриенттерди кабыл алуу
- ЖОЖды акциалаштыруу жана ЖОЖдын ишкерлигин жаны эсеп-кысап болумуно откоруу
-томонку билим беруунун баасын кепилештирууго,
-ЖОЖды Болондук процесске откоруу маселес каралды.Бул чечимге ЖОЖдын ректорлору кобу колдошуп, сапаттуу окуу арзанга турбаш керек деп белгилешти. Ректорлордун айтымына караганда, бул чечим студенттердин санын кыскартып билим беруу мекемелеринин материалдык жана техникалык базасына жакшы таасирин тийгизип, билим беруунун сапатын жогорулатууга таасирин тийгизет. Белгилеп кетуучу нерсе, ар бир региондордогу ЖОЖ дын жана борбордук университеттердин жана академиянын баалары бирдей болот.

Тиешелуу документтер КР астындагы монополияга каршы саясатын жургузуудогу мамлекеттик агентствосунун кароосуна жонотулгон.Жыйында ЖОЖды акциалаштырууда б.а аны озун озу каржылоого отуу суроосу каралды.

Бардык ректорлор, бугунку кундо мамлекеттин бир бюджетте окуган студентке 12мин 700 сом грант болунгон, бул жетиштуу эмес деп айтышты. Бул суроо бойюнча МУК тун ректору Асылбек Айдаралиев ушул маселе боюнча дыкаттык менен анализдеп чыга турган эксперттик топту тузуукерек экенин биринчи учурда !бир эле ЖОЖды мамлекеттин колдоосусуз иштетип коруу керек, ошондо гана ал жыйынтык озу чыгарып берет деди.,Ал эми КРСУнун ректору ВюНифадьев жалпы республикалык тестирлоо мектепке чейинки жана мектептеги билим алуунун системасын которуу керектигин акыркы учурда аксап турганын айтты.

Жыйынды жыйынтыгынн чыгарып Нур уулу Досбол окуунун башынан баштап гуманитардык адистиги багытындагыларга этап боюнча Болондук системага отуу керектигин баса белгиледи. Эгерде ЖОЖдын контракттык баасын кымбаттатып, студенттердин санын азайтуу маселесин кошулса, анда демография маселесине созсуз кириптер болорубуз анык. Андан тышкары, контрактын баасынын кымбатташы биринчиден окуткан адамдарга да пайдалуу, бирок сапаттуу билим берип жатышкандары кумон туудурат. Дагы бир маселе,эптеп балам окуп кетсин деген ата-эненин дагы бир чонтогуно тушкон жоопкерчилик.

Азаттык: Кичи жана орто ишканалардан түшкөн салык ИДПнын 45% түзгөн

Автор Melisbek | в Экономика | May 4th, 2008
метки: кыргызча макала

Экономика тууралуу кичинекей сереп :). Азаттыктын билдирүүчү боюнча Кыргызстанда иш жүргүзгөн 9 694 кичи жана орто ишканаларда 88,7 миң киши эмгектенет. Мындан тышкары 194,5 миң адам жеке ишкерлик менен алектенет. Өткөн жылы булардан жыйналган салыктын өлчөмү ички дүн продукциянын 45% түздү. Ошондой эле кичи жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө көзөмөл органдары тарабынан 20 млн сомдук айыппул салынып, айрым ишканалардын мыйзамсыз аракеттери үчүн козголгон 386 иш тартип сактоо органдарына өткөрүлүп берилген, деп маалымдайт каржы министрлиги.

Аскердеги дедовщина, же дагы бир эненин арманы

Автор Mirsulzhan | в Аскер, Турмуш, Укук, Окуялар | May 4th, 2008
метки: кыргызча макала

Азыркы Кыргызстандын аскериндеги абалды ким гана билбейт, ал тугул жаш аскерге барып келген адамдар ал жактагы мекенди коргоо эмей эле, «сабоо» эрдиктери жонундо кобуроок мактанышат. Де-Факто гезитине Сыдыгалиев Кубанычбек аттуу аскерде кызмат өтөп жүрүп, табышмактуу каза тапкан бала тууралуу макала чыккан. Анын өлүмүнө ким күнөөлүү экени такталбай, “өз жанын өзү кыйды” деген тыянак чыгарылууда. Анда эмесе ошол гезитке чыккан маалыматка конулунуздорду бурсак:

Күтүүсүз кырсык

Сыдыгалиев Кубанычбек Токтобекович 1987-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Атбашы районундагы Акталаа (Калинин) айылында жарык дүйнөгө келген. Үйбүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу. 2007-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Койташ айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө алынган. Алты ай өткөндөн кийин сержант наамын алып, кызматын мыкты өтөп аткан аскер катары командирлеринин мактоосуна алынып жүргөн. Анан ошол каргашалуу 2007- жылдын 28- ноябрында Кубанычбекке эмне болгону белгисиз. Эртең мененки саат 10дор чамасында анын бакка асынып алган сөөгү табылган. Экспертиза жоокер өзү асынып өлдү деген жыйынтык чыгарган. Бирок ата-энеси Кубанычбектин күтүүсүз мындай өлүмгө дуушар болгонуна көз жаштарын көл кылып, “балабыз өзүнүн өмүрүн кыйбайт болчу, бул киши колдуу болгон” деп сотко арыз менен кайрылышкан. Себеби 2007-жылдын 27-ноябрь күнү түшкү тамактан кийин, 73809 аскер бөлүгүнүн чалгындоо ротасында кызмат өтөгөн Саипов Рамис аталган аскер бөлүгүнүн экинчи казармасынын кире беришинен Сыдыгалиевке жолугуп, “сен менин полчанымсыңбы, мага сержант болуп көрүнбөчү” деп демитип, бутка тээп жиберген. Андан соң Саипов мыйзамсыз аракеттерин улантып, Сыдыгалиевди чалгындоо ротасынын казармасынын эс алуу бөлмөсүнө киргизип, аны бетке койгулап, сабап атканын Сыдыгалиевдин жанындагы жоокерлер көрүшкөн. Ошондон кийин эле Сыдыгалиевди эч ким көргөн эмес. Сотто “Сыдыгалиев Саиповдун кыйын болуп, намысын тебелегенине чыдай албай, казарманын терезесинен качып чыгып, уятына чыдабай ботинкасынын боосу менен бакка асынып алган” деген далил көрсөтүлүүдө.

Чындык чыркырайбы?

Бул боюнча соттук териштирүү улантылууда. Адилеттик өкүм сүрүп, Сыдыгалиевдин каргашалуу өлүмүнө күнөөлүү адам өз жазасын алабы же жокпу, ал жагы азыр бүдөмүк. Кубанычбектин жакындары да чындык чыркырап калбай, балабыздын өлүмүнө себепкер болгондордун айыбы ачылып, тиешелүү жазасын алса деп, илгери үмүт менен соттон акыйкат чечим күтүп олтурушат.

Ал өз өмүрүн кыйбайт болчу
Ата-энеге баладан айрылуудан өткөн оор трагедия жоктур. Кубанычбектин ата-энеси да баласын жок жерден ажалга алдырып ийип, зар какшап олтурушат. Чындыкка жетпей, сот жараяны болгон сайын баласын улам кайра жоготконсуп зарлап ыйлашат.

Атасы Токтобек Сыдыгалиев:

- Кубанычбегим мектепте окуп жүргөн мезгилинен тартып эле “военный болом” деп дегдечү. Окууну аяктагандан кийин шаарга келип военный училищага тапшырып, өтпөй калган. Анан Нарын университетинин мамлекеттик автоинспекциясы бөлүмүндө билим алып аткан. Бир күнү үйгө келип “Ата, мен аскерге барганы жатам. Ошол жакка барып, военный болуп келсем кандай болот” деп кеңеш сураган. Баламдын окуусун таштап, аскерге кетүүсүнө макул болуп, үйдөн жакшынакай эле узатканбыз. Өзүбүз Бишкекке келген сайын балабызга барып жолугуп турчубуз. Апасы 1-майда келип жолугуп кеткен. Мен болсо акыркы ирет балам менен 22-октябрда жолуккам. Ошондо ал “Мага бул жак аябай жакты. Командирлер менен сүйлөшүп, контракка калайын деп атам” деген. Балам өз өмүрүн өзү кыймак эмес. Аны менен бирге кызмат өтөгөн шериктери сотто айтып атышат. Баламды Саипов Рамис деген жоокер түшкү тамактан келаткан жеринен кармап алып, “сен эмне, сержант болуп калдыңбы, кыйын болуп, чоңдорго теңелип кеттиңби” деп көкүтүп, бетке чаап жибергенин көрүшүптүр. Сотто Бишкек гарнизонунун аскер прокурорунун ага жардамчысы, юстициянын лейтенанты Сейдахматов бул ишти карап чыгып, Сайипов Рамисти айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө далилдер жетиштүү экенин айткан. Ага карабастан Саипов жасаган күнөөсүн мойнуна албай, “Мен Сыдыгалиевди көргөн эмесмин” деп танып атат. Аскер бөлүгүнүн командири, кароолдо турган полковник, айтор, ошол жактын жетекчилери сотто суралбай жатышат. Чындыгында мындай окуяга эң башкы жоопкерчиликтүү адамдар ошолор да. Алар болсо билбейм дегенден башканы айтпай атышпайбы. Кайда барып, кимден жардам сурарымды билбейм.

Өмүрбек Текебаев, “Атамекен” партиясынын лидери: “Бүгүнкү кылыгын бийлик унутпасын!”

Автор Mirsulzhan | в Категориясыз | May 3rd, 2008
метки: кыргызча макала

Акыркы жумадагы Туп районунда болуп откон маалыматты бардыгыбыз билебиз. Ал жерден Бишкектен келген 30-дай жаш оппозициячыл балдарды таш, жумуртка менен ургулап, оппозиция лидерлеринин кай-бирлери муш жеп келишкен. Бул тополонду ким уюштурду, жана оппозициянын ою тууралуу Омурбек Текебаев Аалам гезитинде кеп болушкон.

- Өмүрбек Чиркешович, жөө жүрүш оппозицияны дагы бир жолу сындырды деген пикирлерге кандай жооп узатасыз?
- Жок, оппозиция эч сынган жок. Жөө жүрүш өз максатына жетти. Мисалы, мен ыраазымын.
- Кандай негизде?
- Эмне үчүн дегенде жөө жүрүштүн максаты бийликти торойто чаап, кууп жиберип, ордун тартып алып отуруп калуу эмес, өлкөдөгү абал кандай экенин, бийлик эмне менен алектенип жатканын, саясаттын маңызын элге ачыш үчүн жасалган аракет болгон. Бирок, криминалдык топтордун, ар кандай күчтөрдүн аралашуусу менен жөө жүрүштөгү элди уруп-согууга, куугунтукка алууга дейре жеткен, ар кандай ыплас ыкмалардын артында эл Түпкө кире алган жок. “Акжолдун” ар кайсы айылдардан алынып келинген дүжүрлөрү тоскоолдук кылып, болушунча кыянаттыкка барышты. Биздин жеңиш - элге жеткен акыйкат маалыматта. Себеби, жергиликтүү элде анык маалымат жок экен. Биздин бул кадам сөзсүз элдин көңүлүн бурат. Мен ойлойм, кандай айткан күндө да жөө жүрүш өз максатына толук жетти.
- Провокаторлорду уюштуруп, мас аялдарды сиздерге каршы койгондор деп губернатордун, президенттин кеңешчисинин аты аталууда…
- Түздөн-түз “булар” деп айталбайм. Бирок так ошол адамдардын туугандары, шоопурлары, жан-жөкөрлөрү ал жерде жүрүшкөнү чын. Аны атайын видеотасма деле тастыктайт. Мындай болгон соң алар деле алыс эмес да.
- Сиздерди жумуртка, таш менен согуп, бир-экөөңөрдү балдар ур-тепкиге алышты. Кандай кадамдарга барасыңар, акыйкат издеп?..
- Албетте, ал жерге хулигандар, мастар ачык эле жүрүштү. Айыл өкмөт башчылары баш болуп уруп-согууга дейре жетишти. Мыйзам алдында мындай ыпластыктары, хулигандыктары үчүн алар жоопко тартылышы керек. Эгер бийлик аларды коргоого алып, эч жоопсуз калтырса, анда башка учурда да мырза Бакиевби же Чудиновубу, элге барган жерде ушундай кылып жумуртка ыргытып, мүшөккө салып көтөрүп келген чириген алмалар менен соксо, аларды да жоопко тартпашы керек. Себеби, мыйзам бардыгына бирдей. Бийликтин бүгүнкү мас аялдарын, балдарын, ыплас жолун, жумуртка сокмой, алма, таш ыргытмайын көргөн эл муну эртең өздөрүнө да жасаары турган иш. Алар ушуну мээлерине түйүп коюшсун.

Сүрөттү басыңыз: Түбөлүк от

Автор Mirsulzhan | в Фото | April 30th, 2008
метки: кыргызча макала



(more…)

Асман гезити: “Кийинки президент азыр 45 жашта”

Автор Mirsulzhan | в Имиштер | April 28th, 2008
метки: кыргызча макала

Асман аттуу жаңы гезиттин 22 апрелде чыккан жаңы санында дербиш аттуу олуя аталган аксакалдын кийинки өлкө башчысы ким экендиги тууралуу кеп козгогон маалымат чыгарылган. Ал жерде төмөндөгүдөй маалымат берилет:

Анын айтуусунда Кыргызстандын үчүнчү президенти боло турган адам кыргызга таптакыр аты таанылбаган инсан болот экен. Бул болочокто боло турган ажобуз Кыргызстандан 7- классты окуп жаткан убагында Орусияга кеткен экен. Учурда ал адам 45 жашта. Кадимки мусулман балдары сыяктуу эле беш маал намазга жыгылып, ал түгүл аяндарды дагы алат имиш. Биз Дербиш атадан ал адамдын ысымы ким десек “айтпайм, аны убагы келгенде билесиңер” дейт. “Андан көрө ынтымактуу болгула. Кыргызстандагы жети дубандын өз- өзүнчө касиети бар. Азыр ошол касиеттер бирикмейинче эл ичиндеги бөлүнүүлөр боло берет. Эң башкысы ошол”-деп божурады аксакал.

Бишкек Таймс: Энергетика тармагын менчиктештирүүгө кандай карайсыз?

Автор Mirsulzhan | в Шилтеме, Энергетика, Жыйынтык, Ой-Пикир, Экономика, Медиа | April 28th, 2008
метки: кыргызча макала

Бишкек-таймс гезити белгилүү адамдардан энергетиканын менчиктештирилүүсү тууралуу сурак жүргүзгөн. Кыргызстандагы солчул идеялардын күчөп турганын жооптордон окуп билсе болот.

Төлөйкан Исмаилова, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун директору:
- Кай жакка баратабыз, биз баарын ачык көрүп турушубуз керек. Биздин өкмөткө канчалык ишенсек болот? Ал жарандардын социалдык-экономикалык укугун коргой алабы? Мен терең гуманитардык кризис болуп кетеби деп чочулап турам. Мындай кризис жаштардын, студенттердин, пенсионерлердин катмарына тиет. Төрт инвестор бар деп атышат. Депутаттар болсо приватташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алыша элек. Ачык тандоо, конкурс, тендер кайда?

Кутбидин Мураталиев, мугалим:
- Энергетика тармагы стратегиялык маанидеги тармак катары мамлекеттин эле колунда калса болмок. Жаңылык деле жок, параны мурда контролер алса, эми милиционер алат экен, айырмасы канчалык?

Азиза Абдрасулова, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы:
- Бизди эртең эмне күтүп турат? Тариф кандай болот жана аз камсыз болгон үйбүлөлөргө кандайча колдоо көрсөтүлөт? Биздин энергетика кимдин колуна тиет? Эң башкысы убада этилгендей болбой калса ким жооп берет? Туура, ачык маалымат берип приватташтыруу жакшы экенине бизди ынандырышса болмок. Кийин таптакыр жарыксыз отуруп калбасак болгону.

Турсун Турдумамбетов, Маммүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин төрагасы:
- Өлкөнүн бюджети жылдан-жылга биринчи иретте жеке менчиктеги ишканалардын төлөгөн салыктарынын эсебинен көбөйүүдө. Жеке менчик ишканалар гана ийгиликтүү иштешүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканалардын жабдуулары эскирди, аларды оңдогонго мамлекеттин алы жетпейт. Ошондуктан биз аларды жеке инвесторлорго берүүгө аракеттенүүдөбүз. Энергетика тармагы деле ошондой. Биз бөлүштүрүүчү компанияларды гана сатканга уруксат бердик. Энергия иштеп чыгуучу жана жеткирип берүүчү компаниялар сатылбайт. Бардык рычагдар мурдагыдай эле биздин колдо калат.

Юрий Данилов, ЖК депутаты:
- Энергетика тармагын приватташтыруу боюнча 1997-жылы кабылданган. 1999-жылы аягына чыгышы керек эле, бирок бүткөн эмес. Тармактын абалы кейиштүү чекке жетти, алардын бирин да ремонттоп же жаңылаган жокпуз. Муну мындан ары создуктурууга болбойт.

Эларалык кол өнөрчүлөрдүн фестивалынан фотоблог

Автор Mirsulzhan | в Фото, Маданият | April 28th, 2008
метки: кыргызча макала

 

 

Көбүрөө сүрөттөрдү көрүү үчүн Алина Кенжееванын жеке блогуна кириңиздер.

Next Page »